"Уулубуз кесиптештеринин жаңы жылдык кечедеги сүрөттөрүн илип, аларды мактагысы келген",- дешет Майкл Макфиттин ата-энеси Жон жана Мерлин. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыгышты.
63 жаштагы фермер Жон Макфит уулунун жылкы этинен жасалган тамактар тууралуу жазганына токтолуп, эч кандай жаман ою жок, тескерисинче, мактаганын айткан: "Ал - башкы ширетүүчү жумушчу, кыргыздарга жардам берип келген. Чучук жаңы жылдык дасторконго коюлганда аны эле эмес, ашпозчу жасаган бардык тамактарды мактаган, бирок мунун баары көзөмөлдөн чыгып кетти. Менин уулум майрамдык дасторкондогу чучук даамдуу экенин, аны жөн гана аттын жыныстык мүчөсү деп жазганын мага айтып берди".
"Биздин азыр күткөндөн башка аргабыз жок. Өлкөбүздүн Тышкы иштер министрлиги Майклдын билдирүүсүндө эч кандай арам ою жок болгондугун түшүндүрүп берет деп үмүттөнүп жатабыз",- дейт апасы Мерлин Макфит.
Чет өлкөлүк ММКлар бул окуяны четте калтырбай жазып жатышкан кези.
Бири "деликатести аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырганы үчүн Кыргыз Республикасында британдык жаран кармалды" десе, бири "Аттын мүчөсү тууралуу тамашасы үчүн шотландиялык жаран камакка алынды. Анын кесиптештери ага капалангандыктан, нааразычылык акциясына чыгышкан. Аны 5 жылга чейин эркинен ажыратуу мүмкүн" деп жазган.