Бишкекте тоноочулук фактысы боюнча 20 жаштагы үч жигит кармалды

Бишкек шаарында тоноочулук фактысы боюнча 20 жаштагы үч жигит кармалды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 2-январь күнү саат 02:00 чамасында №4-шаардык клиникалык оорукананын жанынан белгисиз үч жигит ур-токмокко алуу менен 2 миң сомун жана уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Ленин райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы К.М., Т.Б., жана Ж.А. аттуу жигиттер кармалышты. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Parish
2016-01-04 18:31:50
Арам тамактар десе,бироону тоношуп
жегени аш болмок беле.
+3
Belek2070
2016-01-04 19:18:07
Буларды ошол тоногон колдорун тепкен ХХХ ХХХ Турмодо мындай ХХХ багып не кылабыз. Камалса да чыгып эки эсе зоокур болуп чыгат.кайра тонойт киши олтурот я домой хочу деп.
+2
admin_media
2016-01-05 11:29:26
Belek2070,
Провокацияга жол жок!
0
mirlan15
2016-01-05 09:50:10
Урматтуу супер инфо ушундай киши тоноо боюнча макалаларды бат баттан чыгарып турсанар кылмышка баргандар азаят мыйзам катуу иштейт баарыбир кармалып калабыз деп.мындай негизи кунуго болот а гезит бетине анда санда гана чыгат как будто редко болгондой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан