Москва районунда мас абалдагы айдоочу жол кырсыгына кабылып, анын жүргүнчүсү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Беловодск - Төмөн-Суу унаа жолунун 10-чакырымында болгон. Анда айдоочу рулду башкара албай жол боюндагы даракты сүзгөн. Оор жаракаттарды алган жүргүнчү аймактык ооруканага жеткирилип, эсине келбей жатып каза болгон. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.