Жылнаама, 5-январь: Мындан 41 жыл мурун хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Иса Ахунбаев каза болгон

* Мындан 41 жыл мурун, 1975-жылы хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Иса Ахунбаев 67 жаш курагында каза болгон.
Иса Ахунбаев 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында туулган. Кыргыз Республикасында биринчи жолу жүрөккө операция жасап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Иса Ахунбаев Ташкенттеги Орто Азия мединститутун бүтүргөн. Ооруканада врач-ординатор, Кыргыз ССР Саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ассистенти, доценти, кафедра башчысы, ректору, СССР ИАсынын Кыргыз филиалынын президиумунун төрагасы болуп иштеген.

* Мындан 14 жыл мурун, 2002-жылы кыргыз бийлигине оппозициядагы депутат А.Бекназаров камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутатына 1995-жылкы Токтогул райондук прокуратурасында иштеген маалында тергөөгө байланыштуу “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген күнөө коюлган.

* Мындан 179 жыл мурун, 1837-жылы орусиялык чыгыш таануучу, тюрколог, этнограф, археолог Василий Радлов Берлинде туулган. Берлин университетинде чыгыш илимдери боюнча мыкты билим алган В.В.Радлов 1958-жылы мекени Германияны таштап, биротоло Орусияга келген. Болочок академик кийин Барнаулга жер которуп, Алтай аймагына археологиялык жана этнографиялык экспедицияларды уюштура баштаган. Алтай жана Саян аймагынан ал теңдешкис лингвистикалык маалымат топтоп, "Түрк калктар адабиятынын элдик адабияты" аталган үч томдук фундаменталдык эмгегин жарыялаган. Академик В.В.Радлов кыргыз жерине келген маалында "Манас" эпосун жазып алып, 1885-жылы анын текстин кыргыз жана немис тилдеринде жарыялаган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Кытайдын Нинся-Хуэй автономиялуу районундагы Гуюань аймагында диний ырым-жырым аткаруу учурундагы тыгылышта 14 адам каза таап, 10 адам жаракат алган. Тыгылыш мечитке келгендерге диний ишмердин элесине арнап тамак таратып жатканда башталган.
Нинся-Хуэй автономиялуу районундагы тургундардын басымдуу бөлүгү ислам динин тутушат.

5-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан