Талас облусунун Манас районунда иштеген милиция кызматкери өзүн өзү атып салды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Муну 4-январда SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя 30-декабрга караган түнү болгон. Анда милиция кызматкери сүйлөшкөн кызы менен уруша кетип, ага карата ок чыгарган. Кызга ок тийген эмес, бирок анын кулаганын көрүп, коркконунан өзүн өзү атып каза болгон.