Араванда 29-декабрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан жасалма алтын чынжырчаларды сатууга шектелип молдовалык 22 жаштагы кыз кармалды. Ал "Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарын алдаган" деп изделип жаткан. Бул тууралуу 4-январда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү кымбат баалуу моюнга тагуучу алтын чынжырчаны 50 миң сомго баалап, тиешелүү адиске көрсөткөн. Анын таза алтын экендигин кардарга далилдеп, акчасын алган соң ордуна жөнөкөй бижутерияны берип кеткен. Учурда 3 кыргыз жараны алданып калганын айтып укук коргоо органдарына кайрылды. Кармалган кыздын паспортундагы маалыматтарда акыркы айда Украина, Грузия, Орусия жана Азербайжан мамлекеттеринде 10-15 күндөн жүрүп келгендиги анык болду. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.