Жалал-Абадда Жаңы жылга караган түнү 3 адамды бычактаган өспүрүм колго түштү

31-декабрдан 1-январга караган түнү Жалал-Абад шаарында 3 адамды бычактап, бир нече жерге уурулукка кирген 17 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, таңкы саат 4:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов көчөсүндө бараткан жаранды белгисиз адам эч бир себепсиз бычак менен сайып кеткен. Андан соң ал шаар аймагында дагы 2 жаранды себепсиз бычактап, денелерине оор жаракат келтирген. Ошол эле түнү бир эле мезгилде шаардагы көп кабаттуу үйлөргө, дүкөндөргө уурулукка кирип, тургундарды бычак менен коркуткан.

"Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн аты-жөнү К.М. уулу экенин аныкташкан. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө ал колго түшкөн. Кармалган өспүрүм күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн жана далил буюмдарынын негизинде аталган кылмыштарды өз колу менен жасаганын ырастаган. Азыркы учурда ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын психикалык оорусу бар же жок экени текшерилүүдө",- дешти милициядан.

Эскерте кетсек, жарандарды бычактаган жигит мурда жергиликтүү кафеде самса жасап иштегени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jakikj
2016-01-04 22:39:48
Ой тобоо калайык калын журт кайда баратабыз ким элек ким болдук акыл эсибиз менен бололучу.
+5
akimjan93
2016-01-05 02:24:02
Тобоо не деген жашоо болуп баратат бирин бири олтурмой кобойду я
+1
nura.177
2016-01-05 02:51:33
Жашабай жатып мынча канкор болуп чыга келди,тооба кылдым,озу менен кетсин
+1
nura.177
2016-01-05 02:51:33
Жашабай жатып мынча канкор болуп чыга келди,тооба кылдым,озу менен кетсин
+2
Moskva.kg
2016-01-05 03:33:10
Ичкиликтин айынан болуп жатат да туну майрамдап анан чыгып алып баатыр болгон да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан