Кечээ "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Жалал-Абад облусундагы Нарын ГЭСинин кызматкерлери жашаган жатакана толугу менен күйүп кеткенин кабарлаган эле. Бүгүн, 5-январда ӨКМнын басма сөз кызматы өрт кырсыгы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, Кара-Көл шаарындагы Кетмен-Төбө айылында 2016-жылдын 4-январында саат 15:00 чамасында Камбар-Ата ГЭСнин аймагында жайгашкан “Нарын ГЭС” ачык акционердик коомуна тиешелүү 2 кабаттуу 18 батирлүү жыгачтан курулуп, шифер менен жабылган жатакана толугу менен күйүп кеткен.
Жатакана 1980-жылы пайдаланууга берилген. Анда “Нарын ГЭС” ачык акционердик коомунун 4 жумушчусу жашаган, бирок өрт учурунда эч ким болгон эмес. Өрттүн аянты 154 чарчы метрди түзгөн.
Өрттү өчүрүүгө Токтогул районунун Үч-Терек айылында жайгашкан ӨКМнын №60-өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Кара-Көл шаарында жайгашкан ӨКМнын №105-өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 18:50дө толук өчүрүлгөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан келип чыккан. Материалдык чыгымы такталууда.