Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, Кадамжай районунда унаа толугу менен күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Жалал-Абадда 1 өрт кырсыгы катталды.

Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринде унаа токтотуучу гараж жана анын ичиндеги Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан