Ошто каракчылык кылган үч жаран Бишкектен кармалып, биринин жанынан маңзат табылды

Ош облусунда каракчылык кылган үч жаран Бишкек шаарынан колго түшкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 5-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 24-декабрында 3 белгисиз адам Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Киров айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээсинин буту-колун жоолук менен байлап, андан кийин 95 миң сом акчасын жана зер буюмдарын алып кеткен. Ал эми 26-декабрда Ош шаарындагы Салиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине эки белгисиз адам кирип, үй ээсинин буту-колун жоолук менен байлап, 10 миң сомун жана алтындарын алып кеткен. Бул эки факт боюнча "каракчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы А. уулу Ибрагим, 31 жаштагы А.Майрамбек жана буга чейин эки жолу соттолгон 34 жаштагы Ш.Асан Бишкектен кармалды. Кармоо учурунда Ш.Асандын жанынан 6 грамм гашиш табылган. Учурда кылмышка шектүүлөр кылган иштерин мойнуна алып, далил буюмдар табылды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан