4-январь күнү саат 13:15 чамасында Шамалды-Сай ГЭСинин жанынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Таш-Көмүр шаарындагы 2-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары ГЭСтин жанынан табылган сөөктү жардан чыгарышып, Таш-Көмүр шаардык ИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда каза болгон адамдын өздүгүн аныктоо аракети жүрүүдө.