Ысык-Ата районунда "жолдо бара жаткан жаранды себепсиз ур-токмокко алган" деп шектелген аял кармалды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 5-январда билдиришкендей, милицияга арыз менен Новопокровка айылында жашаган аял кайрылган.
Ал 3-январь күнү саат 19:30 чамасында Тогуз-Булак айылынан белгисиз аял аны көчөдө бара жаткан жеринен ур-токмокко алганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Б.А. аттуу аял кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.