17 жаштагы өспүрүм уурулук фактысына шектелип колго түшкөнүн 5-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы Новопокровка айылынын тургуну кайрылган. Анда белгисиз адам анын үйүнүн эшигин сындырып кирип, баалуу буюмдарын жана уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Иликтөө иштеринин негизинде бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Токмок шаарынын тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.