"Жашы жете элек баланы тоногон" деген шек менен 43 жаштагы адам кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 5-январда билдиргендей, милицияга арыз менен 39 жаштагы Ж.Чолпон кайрылган.
Анда ал белгисиз адам анын жашы жете элек баласына күч колдонуу менен 6,5 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Ж.Азамат кармалды. Тергөө амалдары улантылууда.