Чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырып, кызуу талкууга алынган чет өлкөлүк Майкл Макфит эртең мененки каттам менен Стамбулга учуп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.
"Майкл Макфит бүгүн эртең менен Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда "Манас" аба майданына жеткирилген. Саат 08:00 чамасында ал Бишкектен Стамбулга учуучу учакка отургузулуп, өлкө аймагынан чыгарылды. Стамбулдан ары өзү Улуу Британияга сапар алмакчы",- деди Э.Осмонбаев.
Эске салсак, чет өлкөлүк жарандын чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштыргандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо боюнча материалдар прокуратурага жөнөтүлгөн. Иликтөө иштеринин алкагында М.Макфиттин өлкө аймагында жүрүүгө уруксат бере турган тийиштүү документтери жок экендиги аныкталып, миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн соттун чечими менен ал 24 саат ичинде өлкө аймагынан чыгарылмак.