Британдык "Financial Times" гезити окурмандарына кыргыз өлкөсүнө саякаттоону сунуштады

Британдык "Financial Times" гезити окурмандарына 2016-жылы саякаттоого жети өлкөнү сунуштады. Алар: Шри-Ланка, Перу, Гренландия, Бразилия, Куба, Түштүк Африка жана Кыргыз Республикасы. Басылманын маалыматы боюнча, тизмени алдыда турган туристтик уюмдардын пикирлеринин негизинде туризм тармагындагы "Butterfield & Robinson" аналитикалык компаниясы түзгөн.

Туристтик агенттиктердин биринин негиздөөчүсү Жонни Бэлби аталган гезитке туристтер азыркы замандын ылдам болгон темпинен алыстап, тынч жерлерге барууну каалагандардын саны көп экенин белгилеп, ал үчүн кыргыз жергеси эң ыңгайлуу жана арзан экенин айткан. Ошондой эле Бэлби кыргыз өлкөсүндөгү 2015-жылы болгон парламенттик шайлоо тынч өтүп, 2016-жылы жалпы улуттук деңгээлде маданий-тарыхый иш-чаралар өтөрүн кошумчалаган.

Эске сала кетсек, буга чейин кыргыз жери альпинизмге да ыңгайлуу экенин британдык "The Guardian" гезити жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AshatMJ89
2016-01-05 11:37:13
сонун
+3
basyz-kaman.
2016-01-05 11:40:42
Мамлекетибиз тынч болсо эле туристтер келе башташат.
+7
Mars55
2016-01-05 11:49:53
Жүрөк жылытарлык жаңылык.
+7
ulukbek.kg
2016-01-05 11:53:49
Тейлоо жана тазалык жагын жакшылап карасак, андан да жакшы болмок.
+7
azamatzh
2016-01-05 12:32:22
Таза,тынч жерге Аллаанын берекеси тогулот
+3
cholpontolgongylyn
2016-01-05 15:10:26
Жакшы жанылык экен.Олкобуздо туристтер кобойушу учун, биринчиден:тейлоо жагын оркундотушубуз керек.Бизде мейманканаларда кабыл алуучулар,аэропорттогу кузотто турган ишчилерибиз адамдарга аябай орой мамиле жасап конуп калышкан.экинчиден:чон чон супермаркеттеги сатуучулар да кардарларды жылуу мамиледе тейлеш керек.Учунчудон:албетте тазалык.Чет олкодо сатуучуларды,мейманканадагы тейлоочулорду,ж б ушундай сыяктуу коомдук жердеги жумушчуларды атайы конкурс мн ишке алышат(мамилесине,сылыктыгына карап)
+2
cholpontolgongylyn
2016-01-05 15:14:56
Эгерде кардарга орой мамиле жасаса выговор берет же иштен алат.Бизде тууганчылык деп ишке алат да эч кандай этика-эстетика колдонулбайт.Мына ушундай жагдайды да чондор эске алып коюшса жакшы болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан