Ош шаардык сотунда сабалган милиция кызматкеринин арызы каралууда

Ош шаардык сотунун имаратынын алдында сабалган Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин арызы каралууда. Анын канчалык деңгээлде жаракат алгандыгын аныктоо боюнча экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгына жараша факт боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралат. Бул тууралуу 5-январда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-январда Ош шаардык соту адам өлтүрүү боюнча айыпталган жаранды кыйноого алган милиция кызматкеринин ишин карамак. Белгилүү болгондой, милиция кызматкерин 20 жылга эркинен ажыратылган С.У. аттуу жарандын туугандары сабаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан