Сокулук районунда маңзатты байпагына катып жүргөн адам кармалды

Сокулук районунда маңзатты байпагына катып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-январь күнү саат 18:30 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан Гавриловка айылынан шектүү жаран токтотулган. Анын документтерин жана өзүн кароо учурунда байпагынан кагазга оролгон, кургатылган жашыл түстүү маңзат табылган. Кийин ал жалпы салмагы 25 граммды түзгөн кургатылган марихуана экендиги аныкталган. Учурда бул факт боюнча кошумча текшерүүлөр жүрүп, кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
imanchik
2016-01-05 13:46:47
Шумдугун кургур)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан