Ысык-Көлдө жаңы төрөлгөн наристесин төрөт үйүнүн кызматкерлери менен бирге 50 миң сомго сатуу фактысы боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүнүн медициналык кызматкерлерине карата "адам сатуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактык прокуратура тарабынан бул факт боюнча кылмыш иши 2015-жылдын
14-сентябрында козголгон. Ага ылайык, Барскоон айылынын төрөт үйүнүн дарыгери Б.И., акушер Ч.Ж., А.Н., К.А. жана У.Ага карата “адам сатуу”, “адам сатууга көмөктөшүү”, “КРнын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке КРнын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши тергелип, сотко кароого жиберилди.

Эске салсак, 2014-жылы 14-августта аталган төрөт үйүндө Н.А. аттуу айым кыз төрөгөн. Ал аталган төрөт үйүнүн кызматкерлери менен кылмыштуу бүтүмгө келип, Орусиянын жарандыгына ээ болгон наристесин 50 миң сомго саткан. Ал эми бардык тиешелүү документтер А.К. аттуу Орусиянын жаранына мыйзамсыз жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tabyshmak
2016-01-05 14:40:24
Учурда наристе кимдин карамагында?
0
aku
2016-01-05 15:40:15
Менин болом балалуу болгонго зар болуп канча деген акча коротуп дарыланып журот, бул келин озунон чыккан кызын сатып журот. Бироого зар бала,бироого кор бала деген чын турбайбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан