Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилүүчү жөлөк пулдун суммасы 10 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтканын 5-январда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, аталган райондо аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 11 332 бала ай сайын жөлөк пул алат. Анын орточо суммасы 709,8 сомду түзөт.
Жалпысынан 2015-жылы Ала-Букада 13 844 тургун социалдык жактан камкордукка алынган. Анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 адамга курорттук санаторийде эс алууга жолдомо берилсе, 4 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга атайын араба тапшырылган.