15-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков Лейлек жана Тогуз-Булак айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жергиликтүү тургундар Ош-Исфана жолун оңдоо иштерин тездетүүнү, жайыт, таза суу көйгөйлөрүн чечип берүүнү айтканын билдирет Лейлек райондук администрациясынын аппарат башчысы Эрмек Бахавадинов. Өз учурунда облус жетекчиси айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө аракет жумшай тургандыгын айтты.