Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда айдоочу жөө адамды сүзүп кетип, жабырлануучу каза тапты. Республикалык жол-кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы 4-январда саат 20:00 чамасында болгон. Анда Субару-Форестер үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, көп өтпөй каза болуп калган. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.