“Кумтөр Голд Компани” ишканасы Жаңы жылды “Кумтөр” кенинде майрамдоо алдындагы окуянын орун алганына өкүнөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, "Кумтөрдүн" кызматкерлерин жана башка кыргыз жарандарын кордогон интернеттеги маалыматтын автору, Улуу Британиянын жараны Майкл Макфит аталган компаниянын кызматкери эмес. "Ал “Кумтөрдө” келишим боюнча тиешелүү иш аткарган катардагы кызмат көрсөтүүчү ишкананын катардагы жумушчусу болгон. Ишкананын жетекчилиги интернетте жарыяланган маалымат боюнча кабардар болору менен кызмат көрсөтүүчү ишкананын жетекчилигине жумушчусунун талапка жооп бербеген иши тууралуу билдирген. 1-январда М.Макфит дароо ээлеген кызматынан бошотулуп, кен аймагынан түшүрүлүп, Бишкек шаарына жеткирилген",- деп жазылат маалыматта.
"Компаниянын президентинин буйругу менен окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн. Ишкана кызматкерлерине да, келишим боюнча иштегендерге да маданият же улуттук баалуулуктарга шек келтирген мамиле жасоого жол бербейт. "Кумтөр" ишканасы адаттагыдай иштеп жатат",- деп билдирет мекеме.
Эскерте кетсек, 31-декабрда "Кумтөрдө" иштеген чет өлкөлүк жаран Майкл Макфит "Фейсбуктагы" өз баракчасына "кыргыздар аттын жыныстык мүчөсүн жегени кезекте турушат" деп чучуктун сүрөтүнө комментарий жазган.