Талас облусунун Манас районунда иштеген милиция кызматкери өзүн өзү атып салганы кабарланган эле. Факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Буга чейин милиция кызматкери сүйлөшкөн кызы менен уруша кетип, алгач кызга ок чыгарганы, андан соң өзүн атканы айтылган. "Сүйлөшкөн кызы" деген маалыматты укук коргоо органдары төгүндөп, ал кыз жөн гана таанышы болгонун билдиришти.
Белгилүү болгондой, каза болгон милиция кызматкери ок чыгарган кызга бир нече убакыт мурун өз унаасын 4200 долларга саткан. Кыз ага 800 доллар бермек. Экөөнүн ортосунда эмне окуя болгону азырынча белгисиз.