31-декабрдан 1-январга караган түнү Жалал-Абад шаарында 3 адамды бычактоо окуясы боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17 жаштагы өспүрүм бир эле түндө 3 адамды бычактап, биринин бутуна бычак сайып, экинчисинин моюнуна жана бетине сайгылап, үчүнчү адамдын кулагын кесип салган. "Кармалган жигит ошол эле түнү 3 жайга уурулукка кирген. Эмне себептен мындай кылмышка барганын айта албай жатат. Анын турмуш шарты оор, ал Базар-Коргон районунун тургуну экени аныкталды”,- дешти милициядан.
Эскерте кетсек, 1-январда таңкы саат 4:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов көчөсүндө бараткан жаранды белгисиз жигит эч бир себепсиз бычак менен сайып кеткен. Андан соң ал шаар аймагында дагы 2 жаранды себепсиз бычактап, денелерине оор жаракат келтирген. Ошол эле түнү бир эле мезгилде шаардагы көп кабаттуу үйлөргө, дүкөндөргө уурулукка кирип, тургундарды бычак менен коркуткан. Анын мурда жергиликтүү кафеде самса жасап иштегени айтылган.