Бишкекте "64 жаштагы жаранды өлтүргөн" деп шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 5-январда билдиришкендей, маркумдун сөөгү Батыш унаа бекетиндеги кампалардын биринин 2-кабатынан чириген абалда табылып, тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал башына болгон катуу соккудан улам каза тапкан.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында каза тапкан жаран Ысык-Көл облусунун 64 жаштагы Т.Темирбек аттуу тургуну экени анык болду. Кылмышка шектүү катары буга чейин бир нече жолу соттолгон Талас облусунун 21 жаштагы И.Алмаз аттуу тургуну кармалды. Анын айтымында, ал маркумду тоноо максатында башка чаап өлтүрүп алган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.