6 жыл мурун жаңы төрөгөн ымыркайын батирге алмаштырган аялга карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда

Бишкек ШИИББинин 5-Башкармалыгы тарабынан кызматтык жасалмалуулук жана адам сатуу фактылары аныкталды.

Маалыматка караганда, 2009-жылдын апрель айында борбор калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринде 37 жаштагы А.Ч. аттуу аял уул төрөгөн. Ал үйүнө чыгарылгандан кийин төрөт үйүндөгү жана жеке менчик төрөт үйүндөгү дарыгерлер өз ара сүйлөшүп, баланы 48 жаштагы Д.Э. аттуу аял төрөгөндүгү тууралуу документ жасатышкан. Кийин Жарандык актылардын абалын жана калкты каттоо боюнча аймактык бөлүм тарабынан балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Атасы катары жазылган 74 жаштагы жаран өз үйүн ымыркайды жарыкка алып келген аялга өткөрүп берген. Андан соң баланын апасы үйдү сатып, өлкө аймагынан чыгып кеткен. Азыркы тапта ал аялдын жашап турган жери изилденип, кылмыш ишин козгоо каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chika78
2016-01-05 17:06:24
Баладан откон байлык эмес,таап жазасын бериш керек
+1
Qnet
2016-01-05 18:42:33
Кызык ошол уй канча сомдук болду экен,канча сомго баалады экен оз баласын?
+1
aku
2016-01-05 18:43:53
6 жашка чыгып калыптыр да,ушунча жылдан кийин изилдешкендерин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан