Ошто молдовалык кыз иликтөө иштерин токтотууну суранып, Араван райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ж.Абитовго 144 миң сом өлчөмүндөгү каражат сунуштаган. Ж.Абитов окуянын чоо-жайын түшүндүргөн рапорт менен Ош облустук ички иштер башкармалыгына кайрылган.
Жыйынтыгында 22 жаштагы молдовалык кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, кылмыш иши козголду.