Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетип, жабырлануучу оор жаракат алды. Республикалык жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 5-январда билдиришкендей, окуя кечээ саат 23:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 13-чакырымында болгон. Анда Хундай-Портер үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан айдоочу 39 жаштагы С.В. аттуу айымды сүзүп кеткен. Учурда жабырлануучу ар түрдүү жаракаттар менен аймактык ооруканада дарыланууда. Унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.