Кербенде шеригин атып өлтүрүп, андан кийин өзүн өзү атып каза болгон банк күзөтчүсүнүн иши боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө

Кербенде шеригин атып өлтүрүп, андан кийин өзүн өзү атып каза болгон банк күзөтчүсүнүн иши боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Экинчи кызматкердин банктын имаратына кириши, окуянын чоо-жайы текшерилип жатат. Бул тууралуу 5-январда SUPER.KG порталына ИИМдин Мамлекеттик атайын күзөт кызматынын башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, окуя 30-декабрга караган түнү орун алган. Банк күзөтчүсүнүн бири экинчи шеригин атып өлтүрүп алган соң үйүнө барып өзүн өзү атып каза болгон. Айрым басылмалар күзөтчүлөр спирт ичимдигин ичип алып уруша кетип, натыйжада бири экинчисин атып салганын жазып чыгышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tea23
2016-01-05 19:06:07
Биягы боевик киного кокуй
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан