Борбор калаада уурулукка шектелген жигит колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Э.Ислам аттуу жаран кайрылган. Анда ал борбордогу үйүнөн белгисиз жарандар 18,5 миң сомун жана 4 миң теңгесин алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы А.Руслан кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.