Асылбек Жээнбеков Австриянын президенти Хайнц Фишер менен жолугушту

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Австриянын президенти Хайнц Фишер менен жолугушту. Төрага Австриянын президентине 2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуялары учурунда жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. "Биз өнүгүүнүн татаал жолун тандап алдык, бирок ал туура жол экенине, туруктуулукка алып келерине терең ишенебиз. 2010-жылдан бери өнүгүүнүн катаал жолун басып өтүп, быйыл туруктуулуктун босогосун аттадык",- деди Жээнбеков. Ал эми Фишер "Кыргызстандын өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшкөндүгүн байкабай коюу мүмкүн эмес. Демократияны кыска мезгил аралыгында эле орнотуу да мүмкүн эмес, ал дагы кооптуу абалга кептелиши мүмкүн. Аны өнүктүрүү үчүн адамдын жана экономиканын күчү талап кылынат",- деди.

Жолугушуу жыйынтыгында Австрия президенти Жогорку Кеңештин Ардактуу меймандар китебине кол тамгасын калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан