Ошто дарыгер "жол кырсыгынан каза болгондорго "ашказан жарасынан өлдү" деген диагноз койгон" деп шектелүүдө

Ош облусунда дарыгер "маркумдун өлгөндүгүнүн себебин аныктоочу жыйынтыкты атайылап туура эмес чыгарган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 30-декабрында Ош-Бишкек унаа жолунун 643-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда Тойота Раум үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол боюндагы Вольво үлгүсүндөгү унааны сүзүп, натыйжада Тойота Раумдун 23 жаштагы айдоочусу жана 22 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болушкан.

Алардын сөөктөрү облустук клиникалык ооруканага алынып келгенде дарыгер аларга эч кандай экспертиза жүргүзбөй, эмне себептен өлгөндүгүн жазбай, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрүнө "бронхиттин илешме чел кабыктарынын оорусу, пневмониянын оор түрү" жана "курч мүнөздөгү ашказан жарасы" деген диагноздорду жазып койгон. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
chyngyz-KG
2016-01-05 19:07:50
Жаны жыл келип жатат деп шашылышкандА.
-5
s9zen098
2016-01-05 19:56:14
Түнү күн чыгыптыр дегендей эле болуп калыптыр да. Тигил врачтын өзүн дарылаш керек го. Болбосо соо адамдын кылар иши эмес
+1
Rifle_2
2016-01-05 20:32:46
Башка оорунун историясын адашып жазып алган эмесби ? Себеби мындай жазып койуш мүмкүн эмес да. Же башка бирөөлөр кийлигишкен же адашып жазган.
0
Holerik10
2016-01-05 22:52:51
Rifle_2, ошону айтамда полный текшерип чыгышатко заключение чыгарганда, башка бироолор дагы кийлигишкенго
+1
Moskva.kg
2016-01-05 23:20:20
2жылдан кийин тергоо амалдары журуп жатабы?
+2
muha.med
2016-01-06 03:14:03
анчалык еле пас дарыгер болбойтго (подстава) эмеспи биздин дарыгерлер да ото соонун даарыгерлер
+1
Er-jurok
2016-01-06 09:30:16
Пул менен буткондордон окшойт да окуусун.
0
tabyshmak
2016-01-06 09:59:18
Дарыгерлерге деле толук ишенууго болбойт. Мумкун бул окуя боюнча кызыкчылыгы бар адамдыр... Вольво жол боюнда токтоп турган бекен же жол боюнда журуп бараткан бекен? Муну да тактоо керек. Дарыгер ошол Вольвонун кызыкчылыгы учун да бурмалоо ишке барган болуп журбосун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан