* Мындан 60 жыл мурун, 1956-жылы мамлекеттик ишмер Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. 1979-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн.
* Мындан 30 жыл мурун, 1986-жылы орусиялык модель Ирина Шейк Орусиянын Челябинск облусунун Еманжилинск шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Шайхлисламова Ирина Валерьевна. "Glamour" журналынын 2012-жылкы тандоосу боюнча "Жылдын модели" наамынын ээси. "Sports Illustrated Swimsuit Edition" журналынын башкы бетине чыккан орусиялык алгачкы модель.
2004-жылы Челябинскте өткөн сулуулар сынагына катышып, жеңүүчү аталган. Ошондон тарта моделдик индустрия аны өзүнө тартып, Гия Жикидзе аттуу модельердин сунушу, жардамы менен жергиликтүү сулуулук агенттигинде иштөөгө киришет. 2005-жылы Европада өз талантын көргөзүп, кийинчерээк АКШга аттанып, белгилүү бренддердин жүзү болууга жетишет.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү Шононг кыштагына баскынчылар чабуул жасашып, натыйжада 30 адам каза тапкан. Көз жумгандардын басымдуу бөлүгү аялдар жана жаш балдар болгон. Баскынчылардын тобу эртең менен кыштактын жашоочуларына карата ок чыгарып, үйлөрүн өрттөшкөн. Ошондой эле малын айдап кетишкен. Расмий билдирүүлөрдө 5 адамдын каза болгону айтылып, өрттөнгөн үйлөр тууралуу маалымат берилген эмес.
Нигериянын борбордук бөлүгүндө жашаган мусулмандар менен христиандардын ортосунда этникалык жана диний багыттагы пикир келишпестиктер тез-тезден чыгып турат. Аталган өлкөдөгү укук коргоочу уюмдун билдирүүсүндө, 20 жыл ичинде 10 миңден ашуун адам жогорудагы сыяктуу конфликттерден улам каза болгон.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы “Венесуэла сулуусу-2004” наамынын ээси Моника Спир жана анын күйөөсү, Ирландиянын жараны Томас Беррини жолдон өлтүрүп кетишкен.