Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абадда 2 өрт кырсыгы катталды.
Кочкор районуна караштуу Кара-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринде 850 түк чөп толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.