Кыргызстанда 2013-жылы чек арадагы түшүнбөстүктөр боюнча 9 окуя катталды

2013-жылы Кыргызстандын аймагында мамлекеттик чек арадагы түшүнбөстүктөр боюнча 9 факты катталды. Бул маалыматты КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет. "Мамлекеттик чек арадагы мындай түшүнбөстүктөргө чек арадагы делимитация жана демаркация иштеринин аягына чыкпай жаткандыгы себеп болууда",- деп жазылат аталган мекеменин билдирүүсүндө. Айта кетсек, 2010-жылы өлкөдө чек ара көйгөйү боюнча 63, 2011-жылы 54, 2012-жылы 46 окуя катталган. Чек ара кызматы кыргыз-кытай, кыргыз-казак чек ара аймагында орчундуу маселе жок экендигин айтат. Маалыматка таянсак, бул маселе жаз жана жай мезгилинде курчуйт. Анткени бул маалда чарба-тиричилик иштери, миграция маселелери жанданат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан