Австрияда 72 жаштагы киши аялын жиликтеп, башын цементтеп туруп сууга таштап, андан кийин өзү сууга чөгүп өлдү

Австрияда 72 жаштагы киши 71 жаштагы аялын жиликтеп, башын цементтеп туруп сууга чөктүрүп жиберип, андан кийин өзү сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 3-январь күнү Траунзе көлүнүн жээгинен аял кишинин жиликтенген дене мүчөлөрү салынган чемодан табылган. Ошол эле күнү дагы бир чемодан табылып, анын ичинде да ал аялдын башка дене бөлүктөрү бар болгон. Изилдөө иштеринин алкагында бир суткадан кийин ошол эле көлдүн 5 метрлик тереңдигинен буту-колуна оор мүшөктөр байланган эркек кишинин сөөгү табылган. Аны кароо учурунда денесинен кыйноо же башка белгилер байкалган эмес. Дагы бир суткадан кийин көлдүн түбүнөн аялдын башы цементтелген абалда табылган. Полициянын версиясы боюнча, 72 жаштагы киши алгач аялын өлтүрүп, андан соң өзүнө кол салган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя 25-декабрь менен 1-январь убакыт аралыгында болгон. Учурда улгайып калган киши эмне себептен мындай мыкаачылыкка баргандыгы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Topcubai
2016-01-06 10:04:54
шумдугун кургур!
+1
tabyshmak
2016-01-06 10:06:17
Кылмышкерди башка жактан издеп корууго, кимдир бироону кылмышка шектуу катары кармоого... таптакыр божомолдор жок бекен ээ?
+11
Nariste...12
2016-01-06 10:21:09
Кудай сактасын!!
+2
Elime
2016-01-06 11:31:55
Шумдугун куур.Тообо чачын тик турат го.
0
kyrgyziaaaa
2016-01-06 12:22:36
Аялы ар нерселерди айтып башын оорутса керекда.Мына анда сага жаны жылын менен жаным деген экенда
0
BakytAliev
2016-01-06 13:10:28
жаны жылга 50 60 миндик шуба алып бер деген го аялы
-3
fanatka19
2016-01-06 13:57:37
Өткөндөгү кыргыз келинден үйрөнүп алган го.
0
arena2014
2016-01-06 17:33:16
Акчасы кобурок болсо биро эле кылган болушу мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан