Улуттук гвардиядагы кырсык: Жарадар болгон аскер кызматкеринин төшүнөн ок алынган жок, аны аткан кароолчу үй камагына чыгарылган

Улуттук гвардиянын №714-аскер бөлүгүндө орун алган кырсыктан улам жарадар болгон Матислам Мариповдун төшүнөн ок чыгарылган жок. Азыркы тапта анын ден соолугу жакшы, 4-шаардык ооруканада дарыланып жатат. Жанында апасы жана 2 аскер кызматкери бар. Ал 10-январдан кийин үйүнө чыгарылат. Анын колуна, ичине жана төшүнө ок тийген эле.

Дарыгерлердин айтымында, аскер кызматкеринин төшүндө калган ок анын ден соолугуна коркунуч жаратпайт. Бул тууралуу 6-январда SUPER.KG порталына Улуттук гвардиянын тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Мырзабаев билдирди.

Эскерте кетсек, 28-декабрда Улуттук гвардиянын Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан аскер бөлүгүндө кароолчу постко кетип баратканда ошол аскер бөлүгүндө кызмат кылган эки жигит ага кол салганга аракет жасаган. Кароолчу аларга карата ок чыгарып, Асылбек уулу Азамат ооруканада көз жумган.

Окуя боюнча "адам өлтүрүү", "кызматтык абалынан пайдалануу", "кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу" жана "шалаакылык" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, кароолдо турган Мейилкул уулу Аскар камакка алынган. Улуттук гвардияда орун алган кырсыктан кийин 10го жакын адам кызматтан четтетилди. "Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун чечими менен аскер кызматкерлерине ок чыгарган Мейилкул уулу Аскар 31-декабрда үй камагына чыгарылды",- деди Т.Мырзабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2016-01-06 17:35:40
Кароол өз милдетин аткарган,дыкат иликтөө ишин жүргүзүп анан чара колдонуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан