Борбордо 17 жаштагы кызды тоноого шектелип эки жигит кармалды

Борбор калаада 17 жаштагы кызды тоноого шектелип эки жигит кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга арыз менен 40 жаштагы Ш.Уруслан кайрылган. Анда ал Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эки жигит күч колдонуу менен кызынын сумкасын тартып алганын жана сумкада акча каражаты менен документтер болгонун айткан. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Т.Максат жана 17 жаштагы Ж.Марат аттуу жигиттер кармалышты. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2016-01-06 12:57:07
Акмактар десе кучко толуп турган
убагында бироонун сумкасы жула
качканы уят.Андан коро жумуш караштырышпайбы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан