Бишкекте "унааны тартып алган" деген шек менен 28 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бишкек шаардык милиция башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга арыз менен 28 жаштагы М.Жанболот кайрылган.
Анда ал автосервиске таштап кеткен Мазда 323 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар тартып алышканын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Э.Чыңгыз аттуу жигит кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.