Акыркы сутка ичинде республика боюнча 11 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 6-январда Республикалык жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.
Маалыматка ылайык, катталган жол кырсыктарынан 20 киши ар түрдүү жаракаттарды алган. Канттан айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетип, жабырлануучу оор жаракаттардан улам көз жумду. Сокулук районунда айдоочу жол боюнда турган даракты сүзүп, натыйжада 2 адам каза болду.