Өткөн жылдын 12 ай аралыгында республика боюнча 3932 өрт кырсыгы катталып, (2014-жылы 4343) өткөн жылга салыштырмалуу өрт 9,5 пайызга азайган. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 111 адамдын өмүрү сакталып калган. Мындан сырткары 43 адам, анын ичинен 4 жаш бала каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттөн болгон материалдык чыгымдар 296 миллион сомду түзгөн. Өрттөн жабыркагандардын саны 58 адамды түзүп, анын ичинде 7 жаш бала бар. Жалпысынан 1,1 миллиард сомдон ашык товардык-материалдык баалуулуктар сакталып калган. Болуп өткөн өрттөрдүн кесепетинен 99 бирдик транспорт, 4574 тонна кесек тоют, 64 баш бодо мал, 54 курулмалар жок болгон.