Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Оогон-Талаа айылында 1973-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалды. Анын баштыгынан кара куурай жыттанган жашыл түстөгү зат табылган. Бул тууралуу 6-январда Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, экспертизанын жыйынтыгында 1 килограмм зат марихуана экени аныкталды. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран тергөө абагына киргизилди. Ал 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.