Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында күйөөсү жок кезде зериккенинен жергиликтүү полиция бөлүмүнө телефон чалып, турак үйдө "бомба" коюлганын айткан эне 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 6-январда казакстандык ММКлар жазып чыгышты.
Мындай чалуулардан кийин атайын адистер түн ичинде турак үйдүн жашоочуларын эвакуациялашкан. Ошол эле турак үйдөн жалган маалымат берген кожойке дароо табылган. Эмнеге бул жолго барганын сураган сотко "зеригип кеттим" деп жооп берген. Бейбаштыгы үчүн соттун чечими менен кожойке 2 жылга эркинен ажыратылган, бирок анын ымыркайы бар болгондуктан, жазасын 5 жылдан кийин өтөмөй болду.