Кыргыз жеринде каза болгон Орусия жаранынын эки баласынын ички органдарын күйөөсү цыгандар менен бирге сатып жиберүүгө ниеттенгени Орусия телеканалдарында катуу талкууланууда. Учурда кыргыз жериндеги Орусиянын элчилигинин жардамы менен 5 жаштагы Тимофей жана 13 жаштагы Аннанын документтери бүткөрүлүп, Новосибирск шаарына чыгарылып кеткен.
Бул окуя тууралуу Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Крутько балдар апасы каза болгондон кийин кароосуз калышканын айтып, төмөнкүлөрдү билдирген: "Элчиликке билдирүү келип түшкөн. Анда шаардын чекесинде эки орус баланы цыгандар тилемчилик менен алектенгенге мажбурлап жатышкандыгы айтылган. Андан сырткары балдардын ден соолугу жана абалы жакшы эместиги белгилүү болгон".
Азыркы тапта аларга тиешелүү жардам көрсөтүлүп, апасынын жакындары табылып, аларды алып кетүүгө камынышууда.