Шаардык балдар ооруканасына сабалып түшкөн балдардын атасы учурда сурак берүүдө

Борбордогу №3-шаардык балдар ооруканасына сабалып түшкөн 3 жаштагы бала жана 6 жаштагы кыздын атасы учурда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берүүдө. Бул тууралуу 6-январда SUPER.KG порталына күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, сабалган бир туугандардын абалы анчалык оор болбогондуктан, ооруканадан чыгарылып кетти.

Эске салсак, эки бир тууган ооруканага Аламүдүн районуна караштуу Үмүт айылынан алынып келинген. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Жумгалдан келишкен. Балдардын денесинен сабалгандыгынын белгилери табылган. Балдардын ата-энеси ажырашып кеткени жана алар чоң энеси менен чоң атасынын колунда багылып жаткандыгы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Paiaz
2016-01-11 14:27:40
айай адамдар силер барып кайда барар экенсинер ушул адардарга бир чара колдонуш керек менин сунушуп кабыл алар бекен ушуну таш баран кылып элген корсоттуш керек ошондо калап бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан