Дүйнөнүн эң узун 11 айымы (фото)

1. Цзен Цзиньлянь (1964-1982) 17 жашында каза болуп калган. Анын бою 249 сантиметрди түзгөн, бирок омурткасынын өтө кыйшык болгондугуна байланыштуу түз тура алчу эмес.

2. Яо Дефен (Кытай) 1972-жылы төрөлгөн, бою - 233 сантиметр. Гипофиза шишигине байланыштуу бою өтө бат өсүп кеткен. 11 жашында 188 сантиметр болгон. Учурда ал өзүн багыш үчүн циркте иштейт.

3. Сэнди Аллен (АКШ), бою - 232 сантиметр. Ал дагы гипофиза шишигинен жабыркап, бою тез өсүп кеткен. Сэнди 2008-жылы 53 жашында каза болгон. Өмүрүнүн акыркы күндөрү ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн араба менен жүрүп калган.

4. Зейнаб Бибинин бою (Пакистан) - 218 сантиметр, ал эми салмагы - 82 килограмм. Ал 1974-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөдө 5-кыз болуп төрөлгөн. Кийин үй-бүлөсү менен Улуу Британияга көчүп кеткен.

5. Малгожата Дудектин (Польша) бою 213-221 сантиметр, салмагы 100 килограмм болгон. Баскетбол спортунун тарыхындагы эң узун бойлуу аял катары саналат. Ал 2011-жылы 37 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

6. Мали Дуангди (Таиланд), бою - 208 сантиметр, салмагы - 130 килограмм.

7. Кэролайн Велц (Германия), бою - 206 сантиметр. Бул айымдын бутунун өлчөмү 46ны түзөт.

8. Элисани Силванын (Бразилия) бою 206 сантиметрди түзөт. Ал дүйнөдөгү эң узун өспүрүм кыз.

9. Eve (США), бою - 205 сантиметр. Ал дүйнөдөгү эң узун модель кыз.

10. Рита Минива Беса (АКШ), бою - 203 сантиметр. Бул кара тору кыз Замбияда төрөлгөн, учурда үй-бүлөсү менен Америкада жашайт.

11. Гамова Екатерина Александровна (Орусия), бою - 202 сантиметр. Челябинскте жарык дүйнөгө келген. Ал Орусиянын волейбол боюнча чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Patriot...kg
2016-01-06 18:55:12
ой тобо
-7
islamchik
2016-01-06 20:04:33
орусс кызы жакты магаа))))
+8
elmurat.kg
2016-01-09 14:15:12
islamchik,оюндарын корсон СПОРТ КТР ТВдан кунуно бертат,бугунда берди РОССИЯ 3-1 ИТАЛИЯ ойноду...
0
Gulya21
2016-01-06 21:37:04
Ии мени бойум кичине мага бойунардан 1см.ден бергиле
+2
Qnet
2016-01-06 22:35:40
Бою узундар копко жашашпайт окшойт
-3
mashirapova
2016-01-06 23:57:05
Qnet, кой антпе менинда боюм узун 193см
+5
tursunbaev2004
2016-01-07 02:31:13
mashirapova,Кыргызстандын рекорду болуш керек 193 см
+2
elmurat.kg
2016-01-09 14:11:11
mashirapova,анда волейболдон КРУлуттук курамына кирип алсан уйронуп.аракеттен баракет дешет...ТВдан КРвол.командасын корот элек.азыркы учурда спорт ТВдан берип жататко волейболду.
0
Kadyrbek09.10.2015
2016-01-07 02:21:37
Атаңкөрүү укмушко я
+1
Kitep
2016-01-07 06:20:31
Кыргызда да барго узун кыз
+1
elmurat.kg
2016-01-09 14:05:11
Пакистандыктар Пирамида болуп тизилишкенго.
0
Kunbeken
2016-01-10 14:54:34
Боюн узун болобу кыска болобу башкысы ден соолугун чын, акыл эсин жайында болсо болгону.
0
roklait
2016-01-24 12:38:37
Орусиялык кыз менден болгону 27 сантиметрге эле узун экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан