Жылнаама, 7-январь: Мындан 1 жыл мурун Парижде үч террорчу "Charlie-Hebdo" сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салган

* Мындан 21 жыл мурун, 1995-жылы жаш актриса Нуриза Бурханова Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында туулган. Ал "Туңгуч" жаштар театрында окуп, андан соң Кыргыз экономикалык университетине тапшырган.
Нуриза Бурханова "Кумурскага каршы калем", "Шам", "Кызыл көйнөкчөн", "Аят-2", "Баарын кайрадан баштайлычы", "Эрежесиз эр уруш", "Тагдырдын өгөй балдары", "Жол" жана башка тасмаларда роль жараткан.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы муфтий Рахматулла Эгембердиев кызматтан кетүү боюнча Уламалар кеңешине арыз жазган. Анын кызматтан кетишине өзүнө байланышкан акыркы окуялар себеп болгон. 2013-жылдын 30-декабрында интернет ааламына "глава ДУМК Рахматулла Эгембердиев" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Анда Кыргыз Республикасынын муфтийи Рахматулла Эгембердиевге түспөлдөш адамдын бир айым менен "сүйүү отуна" батып жаткан учуру чагылдырылган. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин танбай турганын айткан.

* Мындан 52 жыл мурун, 1964-жылы америкалык актёр жана продюсер Николас Кейж АКШнын Калифорния штатындагы Лонг-Бич шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Николас Ким Коппола. Ал "Поцелуй вампира", "Время убивать", "Город ангелов", "Угнать за 60 секунд", "Сокровище нации", "Башни-близнецы", "Призрачный гонщик" сыяктуу тасмаларда роль жаратып, "Покидая Лас-Вегас" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон.

* Мындан 1 жыл мурун, 2015-жылы саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салган. Теракттын жүрүшүндө 30дан ашуун ок атуу болгон. Айрым журналисттер имараттын чатырына чыгып, окуяны видеого тартышкан. Террорчулар "Аль-Каида" уюмунун мүчөлөрү, алар Саид Куаши, Шериф Куаши жана 18 жаштагы Хамид Мурад экени айтылган.
"Шарли-Эбдо" сатиралык журналы саясатчыларды мазактап келгени менен белгилүү болгон. Ошондой эле ал буга чейин ислам дини жана Мухаммед пайгамбарга карата карикатураларды өз барактарында чыгарган.

7-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан