Бишкек мэриясы социалдык маанидеги жарнамаларга сынак жарыялады
15-мартта Бишкек шаардык мэриясы шаардын тазалыгын сактоого чакырган социалдык жарнамаларга сынак жарыялады. Маалым болгондой, коомдун көңүлүн тазалыкка, таштандыга көңүл бурдуруу максатында бул сынакка
бардык каалоочулар катышса болот. Айта кетсек, жарнамалар 31-мартка чейин кабыл алынат. Ал эми сынактын жыйынтыгы апрель айында чыгарылып, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылат.