Жылнаама, 8-январь: Мындан 33 жыл мурун дүйнөдөгү эң жаш, таасирдүү башкаруучу Ким Чен Ын туулган

* Мындан 54 жыл мурун, 1962-жылы төкмө акын, обончу Майра Керим кызы Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. 2009-жылы рак оорусуна чалдыгып, катуу оорудан улам 18-августта каза болуп, Тоң районунун Ак-Сай айылына коюлган.
Төкмө акын эл аралык көптөгөн сыйлыктарды жеңген жана 50дөн ашык обондун ээси. Майра Керим кызынын 252 ыры бар. Айрыкча “Жар керек”, “Сени сүйгөн бир адам бар” деген сыяктуу ырлары Кутман Жолдошевдин аткаруусунда ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.

* Мындан 10 жыл мурун, 2006-жылы өлкөбүздүн XX кылымдагы мыкты балбаны аталган Раатбек Санатбаевди борбордун 7-кичи районундагы күркөлөрдүн биринен сүт алып бейкапар чыгып келе жаткан жеринен атып кетишкен.
Раатбек Санатбаев Ош шаарында 1969-жылы 7-майда үй-бүлөдөгү экинчи уул болуп төрөлгөн. 5-6-классында борбордогу спорттук мектеп-интернатта окуп калып, аны аяктаган соң Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырган. Спорт дүйнөсүнө аралашып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

* Мындан 33 жыл мурун, 1983-жылы Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир жана анын үчүнчү аялы Ко Ен Хинин үй-бүлөсүндө туулган. Эң кичүү уул болгон.
Ким Чен Ындын туулган жылы мындан да кийинчерээк болушу мүмкүн. Төрөлгөндүгү тууралуу так маалыматтардын жоктугун Түндүк Кореянын лидери өзүнүн жашынан улуу көрүнгүсү келгендиги менен түшүндүрүп келишет. Ал эми Түштүк Кореянын чалгынчылары Түндүк Кореянын лидери 1983-жылы 8-январда туулган деген тыянакка токтошкон.
Ким Чен Ын Швейцариядагы Берне Эл аралык мектебин аяктаган. 2002-жылдан тарта Ким Ир Сен атындагы университетте жана Ким Ир Сен атындагы аскердик университетте окуган. Ким Чен Ир көз жумгандан кийин үчүнчү баласы Ким Чен Ын мыйзамдуу түрдө мураскер болгон. Ким Чен Ын дүйнөдөгү эң жаш, таасирдүү башкаруучу. Time журналынын тандоосу менен "2012-жылдын адамы" деп табылган.

* Мындан 20 жыл мурун, 1996-жылы Конгонун борбору Киншаса шаарынын аэропортунан учарда Ан-32 учагы көтөрүлө албай аэропорттун жанында жайгашкан базардын аймагына кирип кеткен. 237 киши каза болуп, 500дөй адам ар кандай жаракат алган. Учактын экипаж мүчөлөрүнө кыжырданган эл аларды өлтүрүп коё жаздаган.

8-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Beka-96
2016-01-07 20:59:43
Кытайлар барибир кыйында
-3
danik0101
2016-01-08 04:18:54
Beka-96,кайсыл жерде кытайлар жонундо макала окудун?
+4
Er-jurok
2016-01-08 05:44:44
Ким чен ын кичине бош келсе АКШ бастырып кирет, демократияны шылтоолоп. Эркек башкаруучу деп ушуну айтса болот. Керек болсо Путиндер да сыйлайт муну.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан